http://ktrk.kg/Өзгөчө кырдаалдар министри Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймактарды кыдырды

Өзгөчө кырдаалдар министри Жалал-Абад облусундагы кооптуу аймактарды кыдырды

2 Май , 9:46 242

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өзгөчө кырдаалдар министри Нурболот Мирзахмедов Жалал-Абад облусунун аймагындагы сел, суу ташкындары, жер көчкү болуп кетүү кооптулугу бар аймактарды кыдырып, аткарылып жаткан жумуштарды жеринен көзөмөлдөп, тиешелүү чечимдерди кабыл алып, кооптуу аймакта жашап жаткан жарандар менен жолукту. Министр Таш-Булак айыл аймагынын Арал айылындагы Жалал-Абад-Благовещенка автожолунун төмөн жагындагы Көк-Арт дарыясынын жээктерине курулган дамбалардын бузулуусуна жол бербөө максатында дарыянын нугуна тосмо куруу иш-чараларын жүргүзүү керектигин айтып, Чаңгет-Сай сайынын сол жээгин бекемдөө иштерин жеринен көрдү. 

Базар-Коргон районунун Кеңеш айыл аймагынын Көкчө-Көз айылындагы жыл сайын суу ташкынында жуулуп жаткан Кара-Үңкүр дарыясынын оң жээгиндеги табигый жээкти жеринде карап чыгып, аталган участокту жеке көзөмөлгө алып, министрликтин алдын алуу иштеринин мерчемине киргизип, жумуш жүргүзүүнү тапшырды. Мындан тышкары, министр Кызыл-Үңкүр айыл аймагынын Чоң Ак-Булак айылындагы жылып жаткан жер көчкүнү жерине барып, министрликтин тиешелүү аймактык жана түзүмдүк жетекчилерине кооптуу аймакта жашап жаткан тургундар арасында түшүндүрүү иштерди жүргүзүүнү жана зарыл учурда коопсуз жайга чатырларды тиктиртип, убактылуу тургундарды көчүрүүнү тапшырды.

Кыргызстандын аймагында 4 миң 554 жер көчкү коопту тилкелери бар, анын ичинен 1 миң 204 эл жашаган аймактарга жана объекттерге коркунуч жаратат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин директору Анаркул Айталиев билдирди. Анын айтымында, 4 миң 554 коопту участоктун 98% республиканын түштүк аймагында жайгашкан. Айрыкча Оштун Өзгөн, Кара-Кулжа, Алай райондорунда, Жалал-Абаддын Сузак, Базар-Коргон жана Аксы райондорунда. 

Буга чейин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги төрт миңден ашык үй-бүлө өзгөчө кооптуу аймакта жашайт деп билдирген. Алардын ичинен эки миңден ашуун үй-бүлө башка жактарга көчүү үчүн мамлекеттен ссуда алышкан. Бирок, дагы деле кооптуу аймактарда жашап жатат.

Новости по дате