http://ktrk.kg/Керектүү документтер менен тейлөө муктаждыгы курч маселе бойдон калууда

Керектүү документтер менен тейлөө муктаждыгы курч маселе бойдон калууда

2 Май , 21:48 288

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Калкты керектүү документтер менен тейлөө муктаждыгы аймактарда курч маселе бойдон калууда. Айрым жерде жарандык абалдын актыларын каттоо бөлүмдөрүндө кезек күткөндөр көп болуп, көйгөйлөрү менен биздин каналга кайрылгандар арбын. 

“Бишкек шаарында Калкты тейлөө борборунан үчөө ачылган. Бул жерде паспорт, нике күбөлүгү, жаңы төрөлгөн наристенин документтери берилип, каттоо иштери да жүргүзүлөт. Ошондой эле, жарандар аты-жөнүн алмаштырып, жарандыкты ала алышат.”

Мамлекеттик каттоо кызматына жаңы жетекчи келгенине эки апта болду. Ал бул тармактагы жумуштар менен жаңы таанышып жатканын айтып, быйыл алыскы райондорго калкты тейлөөчү 5 борбор жана Бишкекте унааларга документ берүүчү дагы бир борбор ачылаарын билдирди. Ошондой эле, почта кызматы аркылуу калкты тейлөөнү жакшыртууга басым жасалаарын айтты.


Новости по дате