http://ktrk.kg/Бажы кызматынын кинологдору жыл башынан бери 7 кылмыштын бетин ачты

Бажы кызматынын кинологдору жыл башынан бери 7 кылмыштын бетин ачты

2 Май , 21:55 309

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Жыл башынан бери бажы кызматынын кинологдору чек арадан маңзаттарын алып өтүүгө байланыштуу 7 кылмыштын бетин ачты. Ал эми акыркы эки жылда бангизаттарын жана Кыргызстандын кызыл китебине кирген жаныбарлардын аң-терилерин алып өтүүдө 60 кылмышты тапкан. 

Кинологдорду окутуу борборунда жумуш таңкы 7де башталат. Алгач иттер жаткан жайдын асты жуулуп, тазаланат. Андан кийин тамагы берилет. Кесипкөй иттер көрүнгөн тамакты жебейт. Күнүнө бир убак гана атайын витаминдештирилген азык берилет.
Борбордогу кинологдорду жана алардын тарбиялануучуларын Алексей Тарасенко даярдайт. Эл көп жерде иштей тургандыктан, иттерди тандоодо атайын талаптар бар. Алар үнгө, жытка сезгич, тайманбас, техникадан, адамдардан коркпой, коомдук жайда өзүн эркин жана тартиптүү алып жүрүшү шарт. Ушулардын баарын үйрөнүп, тапшырманы так аткарганга гана кызматка чыгарылат.


Новости по дате