http://ktrk.kg/Борбор Азияда Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 83-орунду ээледи

Борбор Азияда Кыргызстан сөз эркиндиги боюнча 83-орунду ээледи

3 Май , 23:44 307

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-май - бүткүл дүйнөлүк басма сөз эркиндигинин күнү. "Чек арасыз кабарчылар" уюму чыгарган сөз эркиндиги боюнча рейтингде быйыл Кыргызстан 15 тепкичке жогорулап, 83-орунду ээледи. Өлкөнүн көрсөткүчү Борбор Азияда эң алдыңкы бойдон калууда. 

“Чек арасыз кабарчылар” уюму ар өлкөнүн басма сөз эркиндигине байкоо жүргүзүп, анын жыйынтыктарын 3-май бүткүл дүйнөлүк сөз эркиндигинин күнүнүн алдында дүйнө коомчулугуна жарыялап келет. Былтыр көрсөтүлгөн рейтингде Кыргызстан 98-орунду ээлесе, бул жылы турумун жакшыртып, сексен үчүнчү сапка жазылды. Коңшу Казакстан 158чи, Өзбекстан 160 жана Тажикстан 161-орунду ээлегенин көрүүгө болот. Түркмөнстан тизмедеги эң акыркы 180-орунда экени белгиленген. Кыргызстандык медиаэксперт, талдоочулар эл аралык уюмдардын чыгарган корутундуларына өзгөчө маани беришет.
Рейтингдеги 15 тепкичке жогорулоо эмнеден кабар берет. Уюм өз сайтына жайгаштырган маалыматта мамлекет башчысынын журналисттерге коюлган доолордон баш тартканы, бул өлкөнүн жалпы сөз эркиндигине таасир эткен жагдай экени баса белгиленген.

Талдоочулардын баамында телеканал же гезит ачууда тоскоолдуктардын жоктугу Кыргызстандагы сөз эркиндигине оң таасир берүүдө. Ар башка булактардан алынган маалыматтарды электен өткөрүп, салмактоого өлкө жарандарында мүмкүнчүлүк бар. Ошентсе да эркиндикти жоопкерчилик коштогон басма сөздү түптөө учурдун талабы.

Норвегия, Финляндия, Швеция өлкөлөрү басма сөз эркиндиги боюнча эң алдыңкы сапта экени белгиленген. Дал ушул мамлекеттерде эркиндик менен бирге жоопкерчилик да калыптанганын талдоочулардан да, эл аралык уюмдардан да угууга болот. 



Новости по дате