http://ktrk.kg/Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда уран казылбайт

Сооронбай Жээнбеков: Кыргызстанда уран казылбайт

4 Май , 17:23 690

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Президент Сооронбай Жээнбеков 4-майда Конституциялык палатанын судьяларын кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө жарандардын конституциялык укугун коргоо, мыйзамдардын кынтыксыз аткарылышы тууралуу сөз болуп, Мамлекет башчысы кызуу талкууланып жаткан уран казуу маселеси боюнча пикирин билдирди. “Биз кийинки муунга ынтымагы бекем коомду, укуктук мамлекетти калтыруубуз зарыл. Урпактарга ата-бабадан калган таза табиятты, жашыл жаратылышты жеткирүүгө милдеттүүбүз”, - деди Президент.

"Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып айта кетейин, Ысык-Көлдө Кызыл-Омполдо уран казуу маселеси коомдо кызуу талкууланып, элибиз кабатыр болуп жатат. Так кесе айтам – Кыргызстанда уран казылбайт. Биринчиден, мен Кыргыз Республикасынын Президенти кызматына киришкенден бери тоо-кен тармагына катуу талап коюп жатам. Бул тармак, айрыкча лицензия-уруксат берүү системасы коррупцияга белчесинен батып, абалдын жетер жерине жетип калгандыгынан улам, тоо кен тармагындагы маселени быйыл жылдын башында Коопсуздук кеңешине алып чыккам. Кен чыккан жерлерге уруксат берүүдө, көп учурда, мамлекеттин жана коомдун кызыкчылыктары эске алынган эмес. Тескерисинче, тар чөйрөнүн, айрым таасирдүү топтордун кызыкчылыктары жогору турган. Лицензия берүү тармагында кадимки эле базардагыдай алып сатарлыкка жол берилип келген. Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылууну сунуштагам, жөнөкөй тил мен айтканда жаңы лицензияларды берүүгө мораторий жарыяланган",- деди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков

Мамлекет башчысы Кызыл-Омполдогу абалды кен казууу тармагындагы баш аламандыктын, өзүм билемдик саясаттын жыйынтыгы деп баалады. Эгемендик жылдарында жалпысынан жер казынасын пайдаланууга 2,5 миңден ашык лицензия берилген. Акыркы 8 жылдын ичинде тоо-кен тармагына тийиштүү жүзгө жакын кылмыш иши козголгон, бирок көпчүлүгү аягына чыгарылган эмес. Бул багытта Коопсуздук кеңишинин чечимине ылайык учурда жумушчу топ иштөөдө.

"Дагы кайталайм, Кызыл-Омполдо уран казылбайт. Ачыгын айтканда, Өкмөттүн бул маселеге болгон кайдыгер мамилесинен улам коомчулук дүрбөлөң түштү. Баса белгилеп айтам, жөн жерден дүрбөлөңгө түштүк. Керемет Ысык-Көлүбүз кезектеги туристтик сезонго даярдык көрүп жаткан кезде мындай дүрбөлөң туризм тармагына балта чапкан кыянаттыкка барабар. Ошондуктан, мекендештериме, жарандык коом, массалык маалымат каражаттарына айтаарым, тынчсызданууга эч негиз жок. Активдүү позициянарды көрсөтүп, Кыргызстан ачык жарандык коомдун өлкөсү экендигин дагы бир ирет далилдедик",- деп билдирди Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков

Мамлекет башчысы Өкмөт кечигип болсо да Кызыл-Омполдо уран казылбай тургандай чечим кабыл алгандыгын, Жогорку Кеңеш да бул маселени талкуулап, өз позициясын билдиргендигин эске салды.


Новости по дате