http://ktrk.kg/Элдик репортер: Бишкек шаарындагы айрым тойканалар унаалардын тыгынын жаратууда

Элдик репортер: Бишкек шаарындагы айрым тойканалар унаалардын тыгынын жаратууда

6 Май , 15:22 119

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаанын тар көчөлөрүндөгү унаалардын тыгынына жол жээгинде жайгашкан тойканалар дагы себепчи болууда. Мындай кайрылуусун жөнөткөн окурман катар-катар тойканалар жайгашкан жерди тартып жөнөткөн.

Айрым кафе, тойканалардын 4-5 унаа токтотуучу жайы бар экендигине карабай 100-200гө чейин конокторду кабыл алат. Анан калган токтотулган унаалар тротуардын баарын ээлеп калат. Анысы аз келгенсип айрымдары жолдун ортосуна чейин чыгып кетишет. Мунун айынан тыгындар көп жаралат. Мэрия ушундай көрүнүштөгө дагы көзөмөл кылып койсо.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате