http://ktrk.kg/Элдик репортер: Новопокровкада жол чийиндери өчүп калган жерлер көп

Элдик репортер: Новопокровкада жол чийиндери өчүп калган жерлер көп

6 Май , 15:56 137

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Ата районунун Новопокровка айыл өкмөтүндөгү негизги жолунда жол чийиндери өчүп калган жерлер көп. Жол белгилери турат, бирок чийинден дайын жок. Анын айынан арткы бетке өтө албай көпкө кармалышат. Ал эми унаалар жол белгилеринин турганына карабай жүргүнчүлөргө жол беришпейт. 

Мындай өчүп калган чийиндер окуучулар үчүн дагы чоң кооптуулук жаратууда. Тийиштүү тарап ушул нерсени эске алып, жол чийиндер өчкөн жерлерди кайра калыбына келтирип койсо...


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате