http://ktrk.kg/Жарым жыл өтпөй жарака кетип, жагымсыз жагдай жаралды

Жарым жыл өтпөй жарака кетип, жагымсыз жагдай жаралды

6 Май , 22:12 340

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Былтыр эле оңдолгон Бишкектин айрым жолдоруна нааразы жашоочулар "Ала-Тоо 24" каналынын “Элдик репортёр” рубрикасына кайрылууда. Бир жылга жетпей бузулуп жаткан тротуарлар үчүн тиешелүү тараптар жооп бербей эле, мамлекеттин каражаты текке кете береби? дейт шаардыктар.

Тротуарлар зымырап калды деп сүйүнгөн Мурас-Ордо конушунун жашоочуларынын арманы азыр аттын башындай. Жаз келип, күн жылып, айлана-тегерек жашыл түскө боелуп жатса, конушта тротуар дагы жөн калган эмес. Жер жарылып чөп чыкты деген сыяктуу эле учурда асфальтталды делген аллеянын көрүнгөн жери жарылып, чөп чыгып жатыптыр. Бул көрүнүшкө ачууланган конуш тургундары эмнеге сапатка көңүл бурулган эмес деп шаардык мэрияга нааразы. Ал эми бул сүрөттөрдөгү тротуарлар былтыркы жылы эле оңдоп түзөөдөн өткөн. Бир кыштан чыга албай калган бул аллеялар Ак-Өргөө конушунун аймагындагы Ахунбаев, Кырк-Кыз жана Ашар көчөлөрүндө жайгашкан. 

Биз барган мезгилде, тротуардын оюлуп түшүп калган жери ого бетер тереңдеп, чынында кооптуу абалда экен. Көптөн бери жол деп какшап жүрүп жолго жеткенин айткан жашоочулар жаңы салынган жолдор менен тротуарлардын сапаты талапка жооп бербейт деп нааразы. Ак-Өргөлүктөр нааразы болуп жаткан бул тротуарларды “Ысык-Көл Доор Строй” деп аталган фирма салган экен. Эптеп колдонууга өткөрүп берген соң, кайра барып текшерип деле көрүшкөн эмес окшойт. Себеби биздин оюлуп калган жерлер боюнча суроо бергенибизде, кайсыл аймак экенин боолгоп гана жооп беришти.




Новости по дате