http://ktrk.kg/Борбор калаада таштанды үчүн жаңы полигонду куруу башталды

Борбор калаада таштанды үчүн жаңы полигонду куруу башталды

8 Май , 9:39 711

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада таштанды боюнча жаңы полигонду куруу иштери башталды. Бул туурасында муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады. 

Аны менен катар эле эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жүрүп жатат. Жаңы полигон мурдагысынан 500 метр алыс аралыкта жайгашат. Аны менен катар эле эски таштанды жайды жабуу жана рекультивация иштери жүрүп жатат. Аталган долбоор Европа биримдиги жана Европалык реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланмакчы. 

Биринчи этапта жерди даярдоо иштери жүрүп жатат. Жерди казганда чыккан топурак-таштар эски жайды жабууга жана рекультивация иштерине жумшалмакчы. Жаңы полигондун аймагына таштандыны иргей турган завод курулары пландалууда. 

2017-жылы «Бишкек санитардык полигону" ишканасы менен эстониялык компания эскисин жаап, жаңысын куруу боюнча келишимге кол койгон. Келерки жылдан тарта борбор калаада катуу таштандылар үчүн жаңы полигон пайда болуп, эскиси жабылары айтылган. Бул иштерге жалпысынан 22 миллион евро бөлүнгөн.

Новости по дате