http://ktrk.kg/Кочкор районунун тургуну өз күчү менен балык чарбасын иштетүүдө

Кочкор районунун тургуну өз күчү менен балык чарбасын иштетүүдө

11 Май , 11:59 476

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарындын Кочкор районунун тургуну өз күчү менен балык чарбасын ачып, аны иштетип баштады. Учурда форель балыгын өстүрүп, аны кайра элге сатууну көздөп жатат. Түйшүктүү бизнести колго алган ишкер эми аны дагы кеңейтүүнү максат кылууда.

Болотбек Бейшенбеков жаңы бизнеске кадам таштады. Үйүнүн жанындагы сайдагы сууну тосуп, ага балык багып жатат. Учурда үч миңдей бар. Эми аны эки ай кармап, кайра сатууну көздөп жатат.

Башында балыкты баладай эле кароо керек. Убагы менен жемин берип, бат-бат карап турбаса эмгектин бардыгы текке кетет. Булар балыктын форель тукуму. Бат чоңоёт. Беш ай мурун ар бирин 10 сомдон сатып келген. Бул бизнести дагы кеңейтүү планы бар. Бул балык чарба ачылганы жергиликтүү тургундарына да ыңгайлуу болду. Кызыгып келип, сурагандардын саны күн санап өсүүдө. 

Бизнесин жаңы баштаган ишкер өкмөттөн жардам сурайт. Жок дегенде арзандатылган насыяны оңой жол менен берсе, ага ыңгайлуу шарт болоорун белгиледи. Буга чейин жергиликтүү бийликке көп барды бирок алардан убададан башка эч майнап чыга элек. Ишкер балык чарбадан тышкары эс алуучу жай куруп жатат. Мунун баары элдин эңсегенин орундатуу. Анткени, Кочкор району боюнча мындай жайлар аз.


Новости по дате