http://ktrk.kg/КТРКнын "Алтын казына" борборундагы маданий мурастар санариптештирилүүдө

КТРКнын "Алтын казына" борборундагы маданий мурастар санариптештирилүүдө

13 Май , 11:19 2424

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КТРКнын 59 жыл мурда уюшулуп түзүлгөн "Алтын казына" борборунда учурда маданий мурастарды санариптештирүү иштери жүрүүдө. Азыркы тапта ал жердеги 12 миң сааттын 8 миң 500ү санарипке өткөрүлдү. 

Көркөм маданий мурастарды сактап, жайылтып, адамдардын рухий дүйнөсүн байытууга эбегейсиз салымын кошкон олуттуу борбор 1960-жылдары түптөлгөн. Бул жерде элибиздин баа жеткис мурасы болгон залкар манасчылардын, акындардын, талантуу ырчы-чоорчулардын, белгилүү дикторлордун үндөрү, алардын окуусундагы чыгармалар жана аудиоматериалдар сакталган. 2011-жылы "Алтын казына борбору" болуп ачылып, учурда жооптуу ишин улантууда.



Новости по дате