http://ktrk.kg/"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 19 кесилишке камералар орнотулду

"Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында 19 кесилишке камералар орнотулду

13 Май , 10:55 174

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Борбор калаада "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында жол кыймылына көзөмөл кылып сүрөткө тартып жана видеого жаза турган камералар көчөлөрдүн дагы 19 жердеги кесилишине орнотулду. Бул туурасында Байланыш жана маалымат технологиялары боюнча мамлекеттик комитеттен кабарлашты. Билдирүүдө ведомство аралык комиссия программалык аппараттын комплекстерин кабыл алуу иштерин аяктап калганы айтылат. 

Эске салсак, буга чейин Бишкекте 23 жерге камералар коюлган. Андан сырткары, Чүй облусунда "Коопсуз шаар" долбоорунун алкагында дагы 19 камера коюлуп, алар 26-апрелден тарта ишке кирген. Жогорудагы көзөмөл аппараттары "Коопсуз шаар" долбоорунун 1-этабынын алкагында коюлду. 

Маалыматта алардын саны Бишкек калаасында 42, Чүй облусундагы трассаларда 48, ал эми көчүп жүрүүчү программалык 20 аппарат боло турганы айтылат. Долбоордун 2-этабында 306 камераны ишке киргизүү каралып жатат. Анын кыркы көчмө камера болсо, калганы унаалар ылдам жүргөн жерлерге жана калк жашаган аймактарга орнотулмакчы.

Новости по дате