http://ktrk.kg/Чек арада жайгашкан Кара-Бак айылынын жол көйгөйгү качан чечилет?

Чек арада жайгашкан Кара-Бак айылынын жол көйгөйгү качан чечилет?

13 Май , 11:23 315

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Чек арада жайгашкан Баткен районунун Кара-Бак айылын район борбору менен байланыштырып турган 12 чакырым жолдун абалы жергиликтүү элди түйшөлтүүдө. Көп жылдардан бери жарытылуу көңүл бурулбай, каттаган унаалар тез-тез бузулса, жолдон чыккан чаң элге зыянын тийгизип жатыптыр. Жергиликтүү бийлик жолго асфальт төшөө үчүн бардык иш кагаздары бүткөндүгүн айтып, каражат маселеси чечилсе эле бул көйгөй толугу менен жоюлат дейт.

Кара-Бак айылы Тажикстан менен чектешип, кыргыз-тажик соода борбору катары белгилүү. Жумасына бир күн болгон базарга район аймагынан жана кошуна өлкөдөн соодагерлер келишет. Унаалар асфальт төшөлбөгөн жолдун чаңын сапырып, жергиликтүүлөргө кедергисин тийгизет.

Курбанбек Сапаров айылдан район боруна чейинки 12 чакырым жолдо унаалар да туруштук бербей жатканын айтат. 1 айга жетпеген убакытта эле тетиктерин алмаштырууга аргасыз болуп, айдоочуларды чыгымга кириптир кылат дейт.

Ош-Баткен-Исфана жолунун Баткен шаарын айланып өтүүчү бөлүгүн Кара-Бак айылынан өткөрүү каралгандыктан көп жылдардан бери ички жолдордо оңдоп-түзөө жумуштары да жүргөн эмес. Белгисиз себептерден 3-4 жылдан бери жумуштар да башталбай турат.

Айланма жолдун узундугу 32 чакырымды түзүп, бардык долбоорлору бүткөрүлгөнүн жергиликтүү бийликтен билдиришти. Бирок каржылоо жагы белгисиз болгондуктан жумуштар качан башталаары боюнча маалымат жок.

Жолдун курулушу ишке ашса Чоң-Талаа-Кара-Бак- Кызыл-Бел айылдарын байланыштырып, чоң унаалар облус борборуна кирбей айланып каттайт. Ошол эле учурда аталган айылдардын ички каттамы да жакшырат.

Новости по дате