http://ktrk.kg/Эс алуучулардын маданияты качан өнүгөт?

Эс алуучулардын маданияты качан өнүгөт?

13 Май , 18:39 332

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан - туризм өлкөсү деп, жыл сайын өлкөгө туристтерди тартуу иши жанданып, эс алуу жайларынын саны арбыганы менен, эс алуучулардын маданияты өнүкпөй келет. 

Бишкектин түштүк тарабындагы "Жылуу булак" эс алуу жайы тарапка кеткен жол. Эки тарабы тең жапжашыл болгон капчыгай аркылуу жүрүп отурсаң, жолдо катар эс алуу жайларын көрөсүң. Айрымдары жеке менчик колго өтүп, тегерек чекеси тосулуп, жакшы каралган. Ал эми кээ бир жерлер ачык, каалаганы келип жайгашып, казан асып, тамак жасап эс алып кетет.

Эң өкүнүчтүүсү майрам бүткөндөн кийинки эс алуу бактарынын көрүнүшү. Адамдардын жаратылышка көңүл кош мамиле кыларын ошол жайлардан байкоого болот. Теребелдин көркүн гана бузбастан, таштандылардан чыккан каңылжарды жарып өткөн сасык жыт ары-бери өткөндөрдүн көңүлүн айнытып, абаны булгайт.
Негизинен чет өлкөлөрдөн келген туристтер Кыргызстандын тоо ташына, жаратылышына жана ушундай таза абасына суктанышат. Биз болсо дал ушундай кооз жерлердин бири Бишкектин түштүк тарабындагы Жылуу булак аймагына жетпей турабыз. Чындыгында бул жерде аба абдан таза, эки жагы болсо тоолор, карагайлар. Сол жагыбызда болсо Аламүдүн дарыясы дегендей. Бирок дал ушу жаратылыштын көркүн кечээ эс алуу күндөрү келип бул жакты булгап кеткен эс алуучулардан калган таштандылар гана бузуп турат.

Мелис Кудаяров "Жылуу булак" аймагынан бир гектарга жетпеген тилкени ижарага алып, боз үй тигип, бээ саап эс алуучуларды кабыл алат. Ар бир эс алуучу келип-кеткен сайын минтип, өзүнө тиешелүү бөлүктүн таштандыларын уулу Элхан экөө тазалап чыгышат. Айтымында кычырап кийинип, кымбат баалуу машине минип келген адамдардын деңгээлин эс алып кеткенден кийинки жерден байкоого болот.

Айрым эс алуучулар ичкен жегенден калган калдыктарын, атайын баштыктарга салып, таштанды ташыган унаа келип алып кетет деген ойдо жолдун жээгине таштап кетишет. Тилекке каршы андай техника бул жерге келбегендиктен, таштандыны ит куш чачып, сейилдегендер басып өтчү жолдун баары булганып турат.

Эгер менчик жай болсо, артынан кожоюндар тазалашат экен. Ал эми коомдук жайлар бир далайга чейин акыр-чикирден арылбай турат. Сагын Иназаров быйыл биринчи жолу жаратылышта сейилдөө үчүн ушул тарапка эс алууга келген. Жолдо катар чачылган таштандыларды көрүп, маанайы бузулду. Жада калса отуруп эс алууга орун жок, минтип эртеден бери айланасын тазалап, таштандыны унаасына салып ала кетмей болду.
Бүгүн күндүн бүркөк болгонуна байланыштуу бул жакка келген эс алуучулар анча деле көп эмес. Бирок бул тегеректе иштегендердин айтымына караганда өзгөчө жайкысын май-июнь айларында эс алуучулар 3 миңден 4 миңге чейин келишет. Алардын көбүнчөсү чет мамлекеттерден келген туристтер. Ушундай кооз жакка келгенден кийин албетте жаратылыштын кооздугун сүрөткө тартып башкаларга бөлүшкүң келет. Тилекке каршы сүрөткө түшөйүн десең эле албетте таштандылар кошо объективге түшөт.

Ошентип, бул маселе кыргызстандыктардын аң-сезимине байланыштуу көйгөйгө айланды. Мамлекетин сүйгөн адам өз мекенин таштандыга бастырбайт эле деген ойго келесиң. Мындай жагдайга бир гана эс алуу маданиятын билбегендер эмес, жергиликтүү бийликтин да күнөөсү бар. Жанатан кеп кылып жаткан эс алуу аймактарынын баары Аламүдүн районуна караштуу болгондуктан жагдай боюнча жооп алдык.

Кыскасы жергиликтүү бийлик тез аранын ичинде чара көрмөй болду. Бир аптанын аралыгында мурда аз айлык берет деп иштебей турган таштанды ташуучу машиненин айдоочусун ишке чыгарып, таштандылардын баарын тазалап кетүүгө убада кылышты.


Новости по дате