http://ktrk.kg/Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында кайрадан өзгөрүү болот

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгында кайрадан өзгөрүү болот

13 Май , 22:43 203

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-сентябрдан тарта пилоттук негизде Бишкек шаарында Патрулдук милиция иштей баштайт. Жаңы түзүмдү ишке киргизүүдө буга чейинки каталар эске алынат. Бул тууралуу иш-чараларды иштеп чыккан жумушчу топ менен аталган кызмат билдирди. Үч жыл мурда Кайгуул кызматын түзүү боюнча реформа каражаттын тартыштыгынан улам ишке ашпай калган. Ушул тапта кызматкерлерди жумушка алуу максатында ачык сынак уланууда.

Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо тутумунда реформа жүрөөрү тууралуу буга чейин айтылып келген. Өткөн жылы жай айында Президент Сооронбай Жээнбековдун демилгеси менен ички иштер органдарынын жол коопсуздугун камсыздаган бөлүктөрүн реформалоо боюнча жумушчу топ түзүлгөн. Эксперттер жол кырсыктарды азайтуу багытында айкын сунуштар менен кошо Жол милициясынын ишин күчөтүү жолдорун иштеп чыгышкан. Жумушчу топту Тамерлан Ибраимов жетектейт.

Милициянын кайгуул кызматына кызматкерлерди тандоо жүрүп жатат. 6-майда башталган сынак бир айга созулат. Жаңы кызматка орган адамдары эле эмес иштейм деген каалоосу бар бардык жарандар катыша алат. Сынак төрт этапта өтөт. Биринчи, сабаттуулугу боюнча тест тапшырылат. Андан кийин саламаттыгы боюнча комиссиянын кароосунан өтөт. Ошондой эле физикалык даярдыгы текшерилип, аңгемелешүү болот. Жаңы кызматка сынакты ийгиликтүү тапшырган 800 кызматкер тандоодон кийин ИИМдин академиясынан 3 айлык окуудан өтөт. 


2016-жылы Жол кайгуул кызматы түзүлүп, көп өтпөй кайра жоюлган. Адистер иштебей калуусунун башкы себеби акча бөлүнгөн эмес деп түшүндүрмө беришти. Өткөн окуя сабак болуп, жакынкы эки жылда пилоттук негизде иштей турган Милициянын кайгуул кызматынын материалдык-техникалык базасын чыңдоого казынадан 197 миллион сом бөлүнөт. Айлык маянанын көбөйтүлүшү коррупциялык тобокелчиликтердин алдын алууга багытталган. Жумушчу топ тарабынан кызматкер таза, ачык-айкын иш алып баруусуна жолдору иштелип чыккан. 

Бул пилоттук долбоордун 2019-2020-жылдарга карата планы бекитилген. Кайгуул кызматы күздүн биринчи күнүнөн тарта ишке кирип, кызматкерлер Бишкекте бөлүнгөн 235 учактокто иш алып барат. Жаңылануунун башкы максаты жол жана коомдук коопсуздукту камсыздоо менен бирге элдин ишенимине ээ болуу. 



Новости по дате