http://ktrk.kg/Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады

Тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аяктады

14 Май , 17:14 465

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөө боюнча козголгон кылмыш ишин тергөө аягына чыгып, прокуратурага өткөрүлүп берилди. Буга чейин Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов 16-апрелде Жогорку Кеңеште отчет берип жатып, Улуттук тарых музейин жана Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча козголгон кылмыш иши боюнча, жогорку мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адамга Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде айып коюлганын айткан.

 Алар: Сапар Исаков, Алмаз Абдыкаров, Улукбек Матисаков, Мира Карыбаева, Шайбек Атамбеков жана Айдарбек Мендеев. Башкы прокурордун сөзүнө караганда, музейди оңдоп-түзөөдөн мамлекеттик бюджет 101,6 миллион сом зыян тарткан.

Новости по дате