http://ktrk.kg/Элдик репортер: Семеновка айылындагы таштанды көйгөйү

Элдик репортер: Семеновка айылындагы таштанды көйгөйү

15 Май , 23:06 46

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусундагы Семеновка айылынын чет жагында, Кырчын жайлоосуна алып барган жолдун жээгине таштанды төгүлө берип, өзүнчө талаага айланып калган. Таштанды төгүлгөн жердин аянты  жылдан жылга  кеңейип отуруп, малчылардын сарайларына жакындап баратат.

Айыл тургундары өлүп калган мал-жандыгынан тартып, башка таштандыларын бүт ушул жерге төгүшөт. Анын айынан айылга жагымсыз жыт тарап, кайра эле өзүлөрү азап тартууда. Бирок мындай нерсеге тыюу салып, таштанды талаанын ордун которууга айыл өкмөтү тарабынан эч кандай чара көрүлгөн эмес.


Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18


Новости по дате