http://ktrk.kg/Түркияда кыргызстандык мигранттардын эмгек визасы арзандады

Түркияда кыргызстандык мигранттардын эмгек визасы арзандады

16 Май , 13:51 218

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Түркияда кыргызстандык мигранттар эмгек визасын 30 долларга ала баштады. Ага Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбековдун 6-8-май күндөрү Анкарадагы жолугушууларынын натыйжасында жетишилди. Буга чейин мигранттар Түркияда эмгек визасы үчүн 283 доллар төлөшчү.

“Министр Чыңгыз Айдарбеков Түркиянын Тышкы иштер министри менен жолугушуп, анын натыйжасында кыргызстандык мигранттар үчүн визаны 30 долларга алуу келишими жетишилди. Бул келишим кечээ 15-майда күчүнө кирди. Тагыраак айтканда, биздин мекендештерибиз ал жерде эмгек визасын мурдагыдай 283 долларга эмес, 30 долларга эле ала алышат”, -деди Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Уланбек Дыйканбаев.  

Новости по дате