http://ktrk.kg/Сирияга кеткен жарандардын мекенине кайтып келүүсү коопсуздукка шек келтирбейби?

Сирияга кеткен жарандардын мекенине кайтып келүүсү коопсуздукка шек келтирбейби?

17 Май , 13:39 751

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Сирия лагерлериндеги кыргызстандыктардын жакындары Мамлекет башчыга кайрылуу жасашты. Кыргызстандыктардын 14 жашка чейинки курактагы 200гө жакын балдары Сириянын аймагында турушат. Алардын ата-энелери буга чейин Сирияга террористтик топтор менен биргеликте согуштук иш-аракеттерге катышуу максатында кетишкендер.  

Коомдук активисттердин маалыматына караганда,  алардын туугандары мамлекет башчысына аялдардын жана балдардын мекенине кайтышына жардам берүү өтүнүчү менен кайрылышкан.

Эксперттер кырдаалды иликтөө жана реабилитациялоо борборлорун ачуу үчүн атайын комиссияны түзүу зарыл деп эсептешет. Бул тууралуу “Бүткүл дүйнөлук жарандар лигасы жана жарандык биримдик” коомдук бирикмесинин коомдук активисттер менен бирге өткөргөн тегерек столунда айтылды. Кененирээк аудиодон укса болот.

Сайпидин  Султаналиев “Биринчи радио”


Новости по дате