http://ktrk.kg/ШКУ: Бизнес-форумда 11 инвестициялык келишим жана меморандумдарга кол коюлду

ШКУ: Бизнес-форумда 11 инвестициялык келишим жана меморандумдарга кол коюлду

17 Май , 22:46 401

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна кирген өнөктөш мамлекеттер менен үч миллиард долларды түзгөн он бир инвестициялык келишимдер менен меморандумдарды түздү. Анын ичинен 2 миллиард долларлык макулдашуулар Кытай компаниялары менен жетишилди. Бул документтерге "ШКУ чек араларын кеңейтүү" деп аталган ишкер-форумда кол коюлду. Бул негизинен алтынды кайра иштетүү, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча заводдорду куруу келишмдери. Иш-чара ШКУнун мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги саммитинин алкагында өттү.

Шанхай кызматташтык уюмунун чек аралары кеңейип, Пакистан менен Индиянын кошулганы ШКУ чөлкөмүндө кубаттуу экономимикалык уюмга айланып бара жатканын далилдейт. ШКУга кирген өлкөлөрдүн ички дүң өнүмү 15 триллион долларга жетти. Евразиянын 60% аймагын ээлеген уюм 33 млрд 40 миллион калкы менен дүйнөлүк середе таасири артууда. Мындан улам уюмга мүчө мамлекеттердин ишкерлеринин башын бириктирген бизнес-форумдан үмүт чоң.
ШКУнун алкагында кызматташтыкты кеңейтүүгө арналган ишкер-форум Кыргызстандын уюмга төрагалыгынын алдында биринчи жолу өтүп жатат. Былтыр Кыргызстандын уюмга кирген өлкөлөр менен болгон товар жүгүртүүсү 5 миллиард долларга чукулдаган. Экспортко чыгып жаткан товарлардын көлөмү артууда. Кыргызстан бара-бара бул көрсөткүчтү дагы көбөйтүүгө кызыкдар. Мындан улам Кыргызстан ШКУга кирген мамлекеттер менен байланышты чыңдап, тармактарга инвестиция тартууга даяр-деди Премьер-министр.

Соңку жылдары товар жүгүртүү, импорт көбөйүп жатканына байланыштуу Өкмөт башчы ШКУ Кыргызстан үчүн негизги инвестициялык өнөктөш экенин белгиледи. 2018-жылы Кытай Эл Республикасынан тартылган тикелей инвестициянын көлөмү 245 млн 400 миң долларды түзгөн. Бул инвестициялык көрсөткүч дагы толукталганы турат. Бизнес-форумдун жүрүшүндө жалпы наркы 3 милилард доллар болгон 11 инвестициялык келишимдер менен меморандумдарга кол коюлду. 





Новости по дате