http://ktrk.kg/"Мобильник" компаниясынын лицензиясы алынды

"Мобильник" компаниясынын лицензиясы алынды

18 Май , 14:50 231

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын Улуттук банкы "Мобильник" компаниясынын лицензиясын кайтарып алды. Бул тууралуу банктын сайтында жарыяланды. Мындай кадамга "Мобильник" электрондук капчыгынын Улуттук банктын талаптарын бузуп келгени себеп болгон. Мындан тышкары, “Ыкчам төлөмдөрдүн бирдиктүү тутумунун” лицензиясы убактылуу токтотулду. 

Бул дагы "Мобильник" капчыгына тагылган айып менен күнөөлөнүп жатат. Улуттук банк "Мобильник" компаниясынын лицензиясын ушул жылдын февраль айында эле убактылуу чектеген. Анда электрондук капчыктын колдонуучулары айрым операциялар сапатсыз болуп жатканын айтып, даттанышкан. Мындан соң, бир нече ири компаниялар булар менен иштешпей калган.


Новости по дате