http://ktrk.kg/Элдик репортер: Дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен бейтаптар азап чегүүдө

Элдик репортер: Дарыгерлердин кайдыгер мамилесинен бейтаптар азап чегүүдө

18 Май , 16:30 255

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

ОРОЗБЕКОВА АЙЫЛЫ: ООРУКАНАДА КЕЗЕК КҮТКӨНДӨР

Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу А.Орозбекова айылындагы оорукана качан келбе, кезек күткөндөрдүн саны азайбайт деген окурман видеосу менен бөлүшкөн. Видеодо көрүп тургандай, айыл тургундары ар күн сайын эртең менен ушундай абалга туш болушат, кезеги жетпей, кайра эртеси кезекке турушат. Мындай көрүнүш Кадамжай районунда гана эмес, Кыргызстандын бардык аймактарында жана борбор калаабыздын ооруканаларында да дал ушундай көрүшүн байма-бай кездешип турат. Эмне себептен кайдыгер карашат дарыгерлер? Качан биздин өлкөдө кезек системасы жөнгө салынат деген автор, бул көрүнүштү тез арада жөнгө салып беришибизди суранып өттү.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате