http://ktrk.kg/Элдик репортер: Таза сууга чаңкаган Соснова айылынын тургундары

Элдик репортер: Таза сууга чаңкаган Соснова айылынын тургундары

18 Май , 17:21 129

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

СОСНОВА АЙЫЛЫ: ТАЗА СУУГА ЧАҢКАГАН ТУРГУНДАР

Сосновка айылында таза суу маселеси курч бойдон калууда. Кызыгы айыл боюнча суу бир эле жеринде чыгат. Ушул жерден айыл тургундары келип суу алышат. Бир канча чакырымга чейин жөө жүрүп суу ташып, убайым тарткандардын бири "Элдик репортер" рубрикасына кайрылган. Суунун башы деп эсептелген Кыргызстанда суу тартыш дегени эмнеси?, - деп суроо салган окурман. 

Видеодо көрүп тургандай, бул жакта бир гана суу маселесинен тышкары, көчөлөрүнүн жолдорунда да оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Унаалар өткөндө көчөлөрүн сапырылган чаң басат.

Бул айыл каралбай калды, көчөлөрүнүн жолдорунда да оңдоо иштери жүргүзүлгөн эмес. Айыл өкмөтү канча жыл болду такыр карабайт. Канча жолу бардык суу маселеси боюнча уккусу да келбейт, кууп чыгат. Айыл өкмөтү такыр иштебейт суу жок, алыс жерден келип суу ташып кетебиз. Бул суунун чоңу орус аял. Аны эч ким жумуштан кеттире албай койду, анын башында ким отурат билбейбиз.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.









Новости по дате