http://ktrk.kg/Элдик репортер: Кызыл-Суунун жан кейиткен жол маселеси

Элдик репортер: Кызыл-Суунун жан кейиткен жол маселеси

18 Май , 17:20 148

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

КЫЗЫЛ-СУУ: БАТКАККА ТЫГЫЛГАН ЖОЛ

Жалал-Абаддагы Т.Тайгараев аймактык башкармалыгынын Кызыл-Суудагы жолу өтө эле начар абалда. Жергиликтүү тургундар бир нече жолу шаардык бийликке кайрылышкан, бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Кызыл-Суу айылы көчкү коркунучу бар аймак деген корутунду чыккан, бул айылды башка аймакка көчүрүү керек деген шылтоо менен айыл эли каралбай келет. Бирок ӨКМ тарабынан Кызыл-Суудагы 3 участок гана кызыл тилкеде деп аныкталган. Калган беш айылда көчкү жүрүү коркунучу жок деп табылган. Автордун айтымында, бул айылда курут, май сүт азыктары өндүрүлөт, буга шаар бийлигинин кызыгуусу жок болууда. Тайгараев аймагында жашап жаткан тургундар, тасмада көргөдөй, Кызыл-Суу айылына жайлоого чыгарда мына мынтип убара тартышат.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.


Новости по дате