http://ktrk.kg/Жылдан-жылга ууланган балдардын саны көбөйүүдө

Жылдан-жылга ууланган балдардын саны көбөйүүдө

15 Апр 2016 , 3:04 1727

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Дары-дармекке, химиялык заттар кошулган идиш-аяк жуучу каражаттарга ууланган балдардын саны жылдан-жылга көбөйүүдө. Мындай маалыматты КТРКга Балдарга тез жардам көрсөтүүчү Бишкек шаардык клиникалык оорукананын башкы дарыгери Талант Өмүрбеков билдирди.

Анын айтымында, былтыр ууланган 229 бала ооруканага кайрылган. Алардын арасында, өз өмүрүн кыюуга аракет кылып, уксус, дары ичкендери да бар. Алар 15-16 жаштагылар. 

Ал эми 8 айлык баладан 5 жашка чейинкилер арасында ата-энесинин шалаакылыгынан, дары, идиш жана канализацияны тазалоочу каражаттарды ичип алган наристелер көп болууда. Өзгөчө химиялык заттар көп кошулган каражаттар балдардын ден соолугуна коопту. Анткени алар кызыл өңгөч эле эмес, ашказан, боор, бөйрөктү күйгүзүп жиберет. Андыктан,адистер ата-энелерди сак болууга чакырат.




Новости по дате