http://ktrk.kg/Оор турмуштагы балдарды коргоонун системасы өзгөрөт

Оор турмуштагы балдарды коргоонун системасы өзгөрөт

20 Май , 22:31 494

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын атайын делегациясы бул багытта Молдованын тажрыйбасын көрүп келди. Анда интернат тибиндеги мекемелерди реформалоо, психологиялык-педагогикалык жардам көрсөтүү боюнча борборлордун ишмердүүлүгү, балдарга үй-бүлө тандоодогу асырап алуунун жол-жоболору тааныштырылган. Кыргызстандык топ Молдовада 12-18-май күндөрү болду. Делегация мүчөлөрү балдарга көрүлүп жаткан камкордук, социалдык кызматтардын өнүгүүсү, интернат менен балдар үйлөрүн трансформациялоо тажрыйбасы менен таанышып келишти. 

Негизги максат балдардын өз үйлөрүндө тарбияланышын камсыз кылуу. Айымдардан турган топ Молдованын тажрыйбасын колдонуу натыйжа берет деген ишенимде. Себеби бул өлкө 10 жылдын ичинде интернаттардагы 11 миң баланы биологиялык үй-бүлөлөргө кайтарууга же асырап алуучу үй-бүлө катары кызмат көрсөтүүлөрдү ишке ашырууга жетишкен.

Былтыр Кыргызстандагы балдар үйлөрүндө багылып жаткан 12 миңдей баланын 5 пайызы гана томолой жетимдер экени кабарланган. Калганын өз үй-бүлөлөрүнө кайтаруу демилгеси көтөрүлгөн. Себеби бала жакындарынын жанында гана бактылуу боло алат. Бирок тиешелүү шарт жана камкордук жетиштүү болушу керек. Интернатта тарбиялоо эң акыркы аргасыз чара катары кабылданат. Мындан улам көйгөй талданып, аны чечүүнүн жолдору изилдене баштаган. Фостердик же асырап алуучу үй-бүлөлөрдү көбөйтүү менен абалды жакшыртуу максат кылынууда.  Балдар үйлөрүн реформалоо менен бирге майып балдарга билим берүүнү жеткиликтүү кылуу жана инклюзивдик окутууну жолго кою маселеси да каралып жатат.







Новости по дате