http://ktrk.kg/Айыл муктаждыктарын чечип, өлкө өнүгүүсүнө өз салымын кошкон үлгүлүү инсан

Айыл муктаждыктарын чечип, өлкө өнүгүүсүнө өз салымын кошкон үлгүлүү инсан

21 Май , 10:46 280

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Элдин жүгүн көтөрүп, өлкө өнүгүүсүнө өз салымын кошуп жаткан инсандар коомго үлгү. Алардын катарында Ноокаттын Кош-Дөбө айылынын тургуну Алмаз Шарабидинов, айылдаштарынын муктаждыктарын чечип келет.

Үй ичине таза суу кууру тартылып, аристон, кир жуучу машина орнотулган. Үй кожойкелери үчүн мындай шарт - Оштун борборунда эмес, тоолуу Кош-Дөбө айылында түзүлдү. Бишкектик Турар Найзабекова, бул айылга 45 жыл мурун келин болуп келген. Кышын-жайын, болгондо да элет жеринде 2 чакырымдан суу ташып келүү-беш балалуу энеге эки эселенген түйшүк жаратчу. 

Айылдагы жалпы: 1 200дөй калктын таза сууга болгон муктаждыгын чечүү үчүн наркы 1 млн. сомго бааланган долбоор жактырылган. Мунун 200 миңин жергиликтүү ишкер көтөргөн. Кош-Дөбөлүк жеке ишкердин көмөгү менен айылдагы сугат суу тартыштыгы да жоюлду. 2012-жылы көз карандысыз суу кууру тартылып келинди. Муну менен айылдагы 200 гектар аянтка сугат суу берүү жакшырды.

Айыл муктаждыктарын сырттан эмес, ичтен билген ишкер, өткөн- аймактарды өнүктүрүү жылында айылдаштарына бакча белек кылды. Курулушка жалпы 16 млн. сом сарпталган. 15 жаңы жумуш оруну ачылды. Мындай элдин жүгүн көтөрүүгө далалаттанган идиректүү ишкерлердин саны жыл сайын калыңдоодо. Ички инвесторлордун көмөгү менен аймакта азыркы тапта дагы эки бала бакча курулууда. Өткөн жылы айыл өкмөткө 154 млн. сом инвестиция тартылган. Натыйжада, 5 жаңы ишкана түптөлүп, 150дөй жаңы жумуш оруну түзүлгөн. 




Новости по дате