http://ktrk.kg/Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум өттү

Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум өттү

23 Май , 12:20 229

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Свердлов райондук сотунда Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоодогу коррупция боюнча соттук отурум болуп өттү. Кезектеги жараянда жабырлануучу, "Электр станциялары" ишканасынын өкүлү Урматбек Камбаров көрсөтмө берди. Сот ишине катышып жаткан прокурорлордун айтымында, адвокаттар жабырлануучуга териштирүүдө тиешеси жок суроолорду узатып, алган жоопту бурмалоо аракетин көрүшкөн. 

Ошондой эле, бул жолку отурумда айыпталуучулардын адвокаты Нурбек Токтакунов залда айрым адвокаттардын иштеши үчүн шарт жок болуп жатканын жүйө келтирип, соттон ишти кенен залда кароону суранды. Адвокаттын өтүнүчүнө мамлекеттик айыптоочулар каршы чыгышты. Алар адвокаттар үчүн коюлган стол менен отургучтар жетиштүү экенин айтып, жылышып, кесиптешин батырып алууну сунуш кылышты. 

Жыйынтыгында судья Нурбек Токтакуновдун залды кеңейтүү жөнүндө өтүнүчү канааттандырылган жок. ЖЭБди модернизациялоодо "Коррупция" жана "Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери менен мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Жантөрө Сатыбалдиев, мурунку Энергетика министри Осмонбек Артыкбаев, мурдагы каржы министри Ольга Лаврова жана бир катар энергетика тутумун башкарып турган энергетиктер айыпталууда.


Новости по дате