http://ktrk.kg/Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүүдө

23 Май , 15:26 551

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Быйыл Кыргызстанга 7,5 миллион турист келери күтүлүп жатат. Бул тууралуу Туризм департаментинин жетекчиси Максат Дамир уулу билдирди. Анын айтуусунда, былтыркы жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанга 7 миллионго жакын турист кирип чыккан. 

Ал эми быйылкы жылга 7,5 миллиондон ашык болору күтүлүүдө. 17-майда Ысык-Көлдө өткөн туризм жармаңкеси менен 2019-жылдын жайкы туристтик сезону ачылган.

Новости по дате