http://ktrk.kg/Чириген суу түтүктөрүнөн суу ичип келишкен Сары-Булуң айылы

Чириген суу түтүктөрүнөн суу ичип келишкен Сары-Булуң айылы

23 Май , 15:12 252

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ысык-Көл облусунун Түп районунун Тогуз-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Сары-Булуң айылында 160 түтүн турат. Мында жашаган калктын эң башкы көйгөйү таза суу. Таза суу маселеси тартыш болгон бул айылдагы карапайым эл, бир канча жолу бул маселени көтөрүп, губернатор, акимчиликке кайрылышкан. Бирок эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Видеодо көрүп тургандай, суу чыккан жери өтө кейиштүү абалда, суу түтүктөрү чирип, дат басып кеткен. Мына ушул суудан айыл тургундары 50 жылдан бери суу ичип келишет. Тасманы жиберген тургун, бул маселени жергиликтүү бийлик чечип беришин суранып өттү.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате