http://ktrk.kg/С.Жээнбеков: "Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынан"

С.Жээнбеков: "Калкты таза суу менен камсыздоо – мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынан"

23 Май , 13:36 276

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Өлкө башчысы республикалык бюджеттен жана донор уюмдардан бөлүнгөн каражаттарды максаттуу пайдаланып, айрыкча алыскы айылдарды таза суу менен камсыздоону жакшыртуу зарылдыгын баса белгиледи. Форумдун жыйынтыгында Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкы менен 15 млн еврого эсептелген эки келишимге кол коюлду.


“Аймактар үчүн таза суу” деп форумдун аталышы бекеринен эмес. Кыргызстандын региондорунда, айрыкча алыскы айылдарда ичүүчү таза сууга болгон муктаждык жогору. Бүгүнкү иш-чарага өлкөнүн суу тармагын тейлеген бардык тиешелүү кызмат адамдары, ага катар облус башчылары, өкмөт мүчөлөрү чогулган. Таза суу менен камсыздоо боюнча мамлекеттик саясатты натыйжалуу ишке ашырууга булардын ар бири жооптуу.

Кыргызстанда 1819 айыл болсо, алардын 653үндө таза суу көйгөйү бар. Республикалык бюджеттен жана донорлордун эсебинен былтыр жана мурдагы жылдары 35 айылга суу киргизилген. Өкмөт таза сууга бөлүнгөн каражатты жыл санап көбөйтүү аракетинде.

Ал эми 2024-жылга чейин эл аралык каржы институттары бөлө турган 199 млн евродон ашык каражат таза суу менен камсыз кылууга иштетилет. Аллдыдагы 5 жылда өлкөнүн калктуу конуштарын 100 пайыз таза суу менен камсыздоо милдети коюлганын президент Сооронбай Жээнбеков өз сөзүндө белгиледи.

Эл аралык каржы институттарынын бөлгөн каражаттардын 65 пайыздан ашыгы гранттык, ал эми калган 35 пайызга жакыны - кредиттик түрдө, 15 жылга, төмөн пайыз менен берилип жатат. Президент донорлор тарабынан Кыргызстанга буга чейин бөлүнгөн каражаттар тууралуу да белгилеп, мындан ары таза суу тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда коррупциялык көрүнүштөргө жол берилбестигин катуу эскертти.




Новости по дате