http://ktrk.kg/Медиафорумдун меймандары Айтматовдун үй музейи менен таанышты

Медиафорумдун меймандары Айтматовдун үй музейи менен таанышты

23 Май , 23:00 211

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мына ушул медиафорумга президент Сооронбай Жээнбековдун катышаары күтүлүп жатат. Иш-чарага келген чет элдиктерди кыргыз жергеси менен тааныштырып, аларга маданий иш-чаралар уюштурулган.



Меймандардын өлкө менен таанышуусу Чыңгыз Айтматовдун үй музейинен башталды. Залкардын атын алыстан угуп, чыгармаларын окуп жүргөн чет элдик журналисттерге улуу жазуучунун өмүр таржымалы, басып өткөн жолу, алган сыйлыктарынан тартып бардыгы көрсөтүлдү. Үй музейде сакталган Айтматовдун буюм-тайым, китептерин, ааламдын атактуу инсандары менен бирге түшкөн сүрөттөрүн көрүү менен бөлмөдөн көпкө чыга алышкан жок.

Чогулгандардын катарында Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Индия жана Пакистандын маалымат айдыңында эмгектенгендер бар. Бул мамлекеттердин бардыгында Айтматовдун чыгармалары окулат.

Улуу чыгармалар жаратылыштын койнунда жаралат. Айтматов 1986-жылдан бери жашап, эмгек өргүүсүн өткөрүп келген үй Ала-Арчадан алыс эмес жайгашкан. Меймандар жаратылыш паркы менен да таанышты.

ШКУга мүчө ар өлкөнүн адистери Бишкектеги жогорку окуу жайларында билим алып жаткан болочок журналисттер менен жолугуп, өз тажрыйбалары менен бөлүштү.

Новости по дате