http://ktrk.kg/Казакстан Кыргызстандан ташылган жашылча-жемишке киргизген чектөөнү алды

Казакстан Кыргызстандан ташылган жашылча-жемишке киргизген чектөөнү алды

23 Май , 23:10 245

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Эскерте кетсек, коңшу өлкө 19-февралда Кыргызстандан жана Өзбекстандан айрым азык-түлүк түрлөрүн алып кирүүгө убактылуу тыюу салган. Тагыраагы фитосанитардык чектөө картошка алма, курмага жана Өзбекстандын анарына коюлган. 


Казакстан 3 ай мурда Кыргызстандан кирчү азыктардан зыяндуу курттар чыгып жатат деген негизде өз аймагына киргизүүгө бөгөт койгон. Андан бери бул маселени чечүү жаатында эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп, жыйынтыгында 22-майда чектөө алынды.



Өлкөдө азык-түлүк коопсуздугун караган 4 фитосанитардык лаборатория иштейт. Андан тышкары азыкты текшерүүгө алып, тиешелүү документ менен камсыз кылчу мобилдик топтор бар. 

Айыл чарба министрлиги уруксааты жок жашылча-жемиш ташуунун кесепети оор болоорун билдирди. Адистер чектөөгө эмнеден улам кабылып жатканын талдап, тиешелүү сертификаттын жоктугу, же анын жараксыз деп таанылышы, маркировка, таңгактоосуз товар жана карантинге алынган курттар себепкер экенин аныкташкан.

Чектөөгө алынган алма, курма олуттуу маселе жараткан жок. Картөшкө дыйкандарды убайымга салды. Өткөн жылы түшүмү мол болгон бул азык азыркы күнгө чейин сатылып бүтө элек.






Новости по дате