http://ktrk.kg/Шамил Атаханов 1 айга камакка алынды

Шамил Атаханов 1 айга камакка алынды

24 Май , 9:52 408

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Мурдагы  вице-премьер-министр  Шамил Атахановдун баш коргоо чарасы аныкталып,  1 айга камакка алынды.   

Чечим  Бишкектин Биринчи май райондук соту тарабынан чыгарылды. Ага ылайык,  Атаханов   26-июнга чейин жазаларды аткаруу мамлекеттик  кызматынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Шамил Атаханов 21-майда Азиз Батукаевди мыйзамсыз бошотуу боюнча козголгон кылмыш иштин алкагында камакка алынган.

Новости по дате