http://ktrk.kg/Кыргызстандын жаш футболчулары эл аралык мелдешке катышат

Кыргызстандын жаш футболчулары эл аралык мелдешке катышат

24 Май , 12:01 580

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

18 жашка чейинки футболчулардан түзүлгөн Кыргыз курама командасы  Россияда өтө турган эл аралык мелдешке катышат.

Маалыматка ылайык, ФИФАнын мурдагы вице-президенти Валентин Гранаткиндин жаркын элесине арналган мелдешке жалпы 12 курама команда катышат. 

Санкт-Петербург шаарында өтө турган мелдеш 4-июндан 14-июнга чейин уланат. Ага Аргентина, Болгария, Гвинея, Греция, Индия, Иран, Кыргызстан , Молдова, Польша, Түркия жана  Россия   командалары барат.


Новости по дате