http://ktrk.kg/ШКУ: Медиафорум журналисттердин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

ШКУ: Медиафорум журналисттердин кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтти

24 Май , 16:14 579

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Шанхай кызматташтык уюмунун медиафоруму жыйынтыкталып, атайын резолюция кабыл алынды. Анда массалык маалымат каражаттарынын ар тараптан кызматташуусу, тажрыйба алмашуу, маалымат айдыңында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жана ШКУга мүчө өлкөлөргө журналисттердин иш сапарларын уюштуруу маселелери камтылды. 

Медиафорумга Шанхай кызматташтык уюмунун бардык өлкөлөрүнүн массалык маалымат каражаттарынын жетекчилери, журналисттер катышты. Шанхай кызматташтык уюмуна Кыргызстан, Кытай, Россия, Индия, Казакстан, Пакистан, Тажикстан жана Өзбекстан өлкөлөрү мүчөлүк кылат. Ал эми Ооганстан, Белоруссия, Иран жана Монголия байкоочу макамына ээ болсо, Азербайжан менен Түркия диалог боюнча өнөктөш өлкөлөр.

“Шанхай кызматташтык уюмунун келечегин, мүмкүнчүлүктөрүн үзгүлтүксүз изилдеп, жазып, чагылдыруу натыйжа берет. Бирок, ошол эле учурда окурман, угарман, көрүүчүлүлөргө кызыктуу көрүнүштөрдү тандоо зарыл. ШКУга мүчө ар бир өлкөнүн баа жеткис маданияты бар. Биз массалык маалымат каражаттарынын күчү менен өлкөлөрүбүздү, элдерибизди жакындата алабыз. Бул үчүн уюмдун ишмердүүлүгү ар бирибиздин назарыбыздан чыкпашы керек”,- деп билдиди “МОНЦАМЭ” маалымат агенттигинин бөлүм башчысы Юмсурун Дэлгэрмаа.





Новости по дате