http://ktrk.kg/Францияда бомба жарылып, 13 адам жабыркады

Францияда бомба жарылып, 13 адам жабыркады

25 Май , 13:53 214

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Францияда полиция көчөгө бомба салынган түйүнчөк таштап кеткен адамды издеп жатат. Окуя жума күнү кечинде Лион шаарында болгон.

Бомба жарылып, 13 адам түрдүү жаракат алды. Алардын арасында сегиз жаштагы кыз да бар. Өлкө президенти Эммануэль Макрон муну атайын уюштурулган кол салуу деп атады. Лион Франциянын ири шаарларынын бири. Учурда калаа аймагында коопсуздук чаралары күчөтүлүп, кылмышкерди издөө иштери жүрүп жатат.


Новости по дате