http://ktrk.kg/Жалал-Абад шаарында абалы начар тротуарлар оңдоло баштады

Жалал-Абад шаарында абалы начар тротуарлар оңдоло баштады

25 Май , 13:59 278

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Ленин көчөсүнүн чыгыш тарабындагы тротуар заманбап болуп кайрадан курулду. Буга чейин тротуардын абалы начар болуп, жаан-чачын учурунда жөө адамдардын жүрүшүнө ыңгайсыздык жаратып келген. 

Мындан сырткары, калаадагы союз учурунан бери каралбай калган тротуарлар кеңейтилип, жаңы асфальт төшөлөт. Шаардык мэрия жыл аягына чейин 6 көчөнүн тротуарын оңдоп-түздөйт. Анын узуну 2 чакырымга жетет. Бюджеттен ал үчүн 6 жарым милион сом каралган.



Новости по дате