http://ktrk.kg/Таза сууга жетпей, ылай аралаш суу ичкен тургундар

Таза сууга жетпей, ылай аралаш суу ичкен тургундар

28 Май , 11:34 272

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстандын көпчүлүк айылдарында жергиликтүү тургундар таза сууга жетпей, ылай аралашкан суу ичүүгө аргасыз. Мындан улам акыркы учурларда оору-сыркоо да көп болууда. Ушул таза суу маселеси менен "Элдик репортерго" окурманыбыз билдирүү жиберген.

Чүй облусунун Аламүдүн районунун Прохладное айылындагы Восточный көчөсүнүн тургундары ылай сууну ичип жатабыз. Бизде суу маселеси такыр чечилбей койду. Кыргызстан сууга бай өлкө. Бирок биз мынтип таза сууга зар болуп отурабыз,- деген автор.

Эгер сиз да ушул сыяктуу кандайдыр бир турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө же кызыктуу окуяларга күбө болсоңуз, бизге Viber, Telegram же WhatsApp аркылуу кабар жөнөтүңүз 0551 74 81 18.

Новости по дате