http://ktrk.kg/Бүгүн тарых музей менен ат майдандын оңдолушу боюнча  угуулар башталат

Бүгүн тарых музей менен ат майдандын оңдолушу боюнча угуулар башталат

28 Май , 17:24 510

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бүгүн  саат 16.00  Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Улуттук тарых музейи менен Чолпон-Атадагы ат майдандын оңдолушуна байланыштуу иш  боюнча алдын ала угуулар башталат.

  Алгачкы отурум жабык өтөрүн  “Биринчи радиого” Жогорку соттон билдиришти.  Улуттук тарых музей менен Ысык-Көлдөгү ат майданды оңдоодогу коррупция боюнча мамлекеттик кызматтарда иштеп кеткен алты адам айыпталууда.  Алардын арасында президенттик аппараттын жарандык өнүктүрүү, диний жана улуттук саясат бөлүмүнүн мурдагы жетекчиси Мира Карыбаева жана экс-премьер-министр Сапар Исаков бар.


Новости по дате