http://ktrk.kg/Менчик бала бакчалар 50 пайыз арзандатуу менен балдарды кабыл алышат

Менчик бала бакчалар 50 пайыз арзандатуу менен балдарды кабыл алышат

28 Май , 22:20 324

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Бишкек шаарында аз камсыз, көп балалуу үй-бүлөлөрдүн жана айлыгы аз мамлекеттик кызматкерлердин балдарын бакчага киргизүү боюнча социалдык долбоор башталат.  

Ошондой эле, мамлекет жеке менчик бала бакчаларга берилүүчү төлөмдүн 50 пайызын өз мойнуна алууга даяр. Долбоорго кимдер, кандай шарт менен катыша алат жана кандай документтерди даярдоо керек? 

Долбоордун максаты - мектепке чейинки билим берүү мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү, аялуу катмардагы үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү. Демилге 1-июндан тарта ишке кирип, алгач пилоттук долбоор катары Бишкек шаарында гана башталат.

Учурда долбоорго катыша турган 9 жеке менчик бала бакча документ тапшырды. Эми булардын арасынан тиешелүү документтери туура болгон, лицензиясы бар жана талаптарга туура келген, окуу-материалдык базасы камсыздалган, кароодон өткөн бала бакчалар тандалып алынат. Учурда арыз тапшырган бала бакчалар иликтенүүдө. Толук изилденип бүткөндөн кийин алардын тизмеси Билим берүү жана илим министрлигинин сайтына даректери, баалары менен кошо жайгаштырылат.
 Ал эми долбоорго катышам деген ата-энелер сайттан бакчаны тандап, тиешелүү документтерин атайын комиссияга тапшырып, андан кийин балдарын каалаган бакчасына бере алышат. Ал бакчанын жарым акчасын мамлекет төлөп берет.



Новости по дате