http://ktrk.kg/«Түндүк» тутумуна 53 мамлекеттик орган кошулду

«Түндүк» тутумуна 53 мамлекеттик орган кошулду

29 Май , 10:57 361

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда  53 мамлекеттик орган «Түндүк» тутумуна кошулду. 

Бул тууралуу  Өкмөттө   өткөн   кеңешмеде  Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу «Электрондук өз ара аракеттешүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаева  билдирди. Анын белгилешинче, учурда   бир гана мамлекеттик орган кошула  элек. Жакынкы  күндөрү ишке ашыруу  аракети көрулүүдө.   

Белгилей кетсек,  биринчи вице-премьер-министр  Кубатбек Бороновдун төрагалыгы алдында Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин чечимдерин жана «Санариптик Кыргызстан» санариптик трансформациялоо Концепциясын ишке ашыруу боюнча кеңешме өттү.

Новости по дате