http://ktrk.kg/Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган "Түндүк" тутумуна кошулду

Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган "Түндүк" тутумуна кошулду

29 Май , 14:18 629

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстанда 53 мамлекеттик орган "Түндүк" тутумуна кошулду. Бул тууралуу "Электрондук өз ара аракеттешүү борбору" ишканасынын директору Нурия Кутнаева өлкөнү санариптештирүү боюнча өкмөттө өткөн жыйында билдирди. 

Өкмөттүн маалымат кызматы кабарлагандай, жыйында Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдын ар бир жетекчиси өлкөнү санариптештирүү боюнча тапшырмалардын аткарылышы үчүн жеке жоопкерчилик алышарын айтты. 

"Түндүк" системасы министрликтерди, мекемелерди жана жеке компанияларды бириктирип, маалымат алмашуунун жол-жобосун жеңилдетүүгө багытталган. Маалымат боюнча бул тутум аркылуу 189 кызмат көрсөтүүнү санарип форматына өткөрүү пландалып жатат.

Новости по дате