http://ktrk.kg/КТРКда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата айкел тургузулду

КТРКда Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата айкел тургузулду

29 Май , 17:39 2181

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Маданият Тарых Тил” каналынын демилгеси менен 1-июнь Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата “Кут кармаган бала” аттуу айкел тургузулду. 

КТРКнын астанасында орнотулган айкелдин ачылыш аземин “Маданият Тарых Тил” каналы 1-июнь күнү саат 11:00-12:00гө чейин түз алып көрсөтөт. 

Айкелдин  эң алдында урабас тоонун белгиси, кулабас зоонун үлгүсү болгон чулу таш орнотулган. Анын маңдайында эн белги түшүрүлгөн. Белгиде өлбөс өмүр кемеси, эзелки көчмөн элеси, асман атын теминип, кулачын жайып керилип, төбөсүнө кут конгон, төрт тарабы төп болгон, айлампа тарткан дүйнөдө асылдыкка жык толгон, көөнө көчмөн элеси көзгө тартылат.


Новости по дате