http://ktrk.kg/Президент төрт мамлекеттик кызматка жаңы талапкерлерди дайындады

Президент төрт мамлекеттик кызматка жаңы талапкерлерди дайындады

30 Май , 11:26 515

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кол койгон жарлыкка ылайык, Кылжыев Самат Аскербекович Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын Жетекчиси-министри болуп дайындалды.

Мамлекет башчынын башка  Жарлыктарынын  негизинде  Муканбетов Санжар Турдукожоевич Кыргыз Республикасынын экономика министри,   Чодуев Эркинбек Урайымович Кыргыз Республикасынын айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри болуп дайындалышты.

Президенттин дагы бир  Жарлыгы менен  Догоев Дастан Давлетович Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасы болуп дайындалды.

Новости по дате