http://ktrk.kg/Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды электрондук ыкмага өткөрүүдө алдыга чыкты

Кыргызстан мамлекеттик кызматтарды электрондук ыкмага өткөрүүдө алдыга чыкты

30 Май , 22:06 1092

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Кыргызстан санариптик трансформация, же мамлекеттик кызматтарды электрондук ыкмага өткөрүү аракети боюнча ондогон өлкөлөрдүн арасынан алдыга чыкты. Эстонияда 22-23-май күндөрү өткөн эл аралык конференцияда биздин өлкөнүн бул багыттагы жетишкендиктери талданып, атайын сыйлыкка ээ болгон.

Эстонияда өткөн эл аралык конференцияга Кыргызстандын атынан “Түндүк” электрондук өз ара аракетенүү борборунун жетекчиси Нурия Кутнаева катышкан. Анын айтымында, иш-чарада Кыргызстандын электрондук башкаруу системасына өтүү боюнча бир жылда аткарган иштерине баа берилип, жыйынтык чыгарылган. Биздин өлкө 110 мамлекеттин ичинен суурулуп чыгып, атайын сыйлыкка ээ болду.

Эл аралык деңгээлдеги эксперттер ар бир мамлекеттин электрондук башкаруу тутумун, анын ичинен биздин “Түндүк” системасына талдоо жүргүзүшкөн. Бир жыл ичинде жигердүү иш алып барган Кыргызстан болуп чыкты. 53 мамлекеттик орган тутумга кошулуп, 19у азыркы күндө маалымат алмашып жатат. 180 электрондук сервис катталып, буга чейин 400 миңден ашык маалымат алмашуу болгон. Адистердин айтымында, мындай ийгилик оңой олтоң эле келе койгон жок. Электрондук тутумду ишке киргизүү өтө деле оор иш эмес, негизгиси- мамлекеттик кызматкерлердин аң сезимин өзгөртүү, мыйзамдарды иштеп чыгуу, толуктоо жумуштары машакаттуу.

Ар бир имамлекеттин өз жолу бар, менталитет, башкаруу системасы, ар бир мамлекет ошого жараша өзү иштеп чыгышы керек. Бизнести бир системага байлайт. Маалымат алмашууга жардам берет да. Санариптештирүүнүн негизги критерийи маалым каттарды жоготуу, маморгандарда автоматтык түрдө алмашууга жардам берет.

Дүйнө жүзү боюнча Сингапур жана Эстония толук электрондук башкарууга өткөн өлкөлөр. Бул мамлекеттерде реформа 2001-жылдары башталган. Маселен, Кыргызстан Эстониянын биометрикалык паспорт берүү боюнча тажрыйбасын ишке ашырды. Мындан сырткары, кагаз түрүндөгү маалым каттарды жоюу аракети уланып, 2018-жылдын жыйынтыгы жаман эмес.

Натыйжада бул коррупцияны жоет, маалым каттарды жоюуга алып келет. Мамлекеттик кызматтан жоюуга алып келет, анткени бири бирин менен байланыш жоктугунан кайсы бир министрлик пайда болуп калган. Эми электрондук башкаруу ишке кирсе алар жоюла баштайт. 20га жакын кагаздар, маалымкаттар жоюлат.

Кыргызстанда өлкөнү санариптештирүү боюнча иш аракеттер системалуу түрдө жүргүзүлүп келүүдө. 2018-жылдын декабрында Коопсуздук кеңешинин жыйыны өтүп, Президент Сооронбай Жээнбеков санариптик трансформациялоо боюнча тиешелүү тапшырмаларды берген. 2019-жыл өлкөдө аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү жылы деп жарыяланды. 

Президенттин тапшырмасы менген 189 мамлекеттик кызмат көрсөтүү электрондук форматка өтүш керек жана жарандарга комфорттуу кызмат көрсөтүү шарты түзүлүшү керек. Санариптик трансформациянын дагы бир негизги натыйжасы коррупцияга каршы күрөш болмокчу. Мындан сырткары, мамлекеттик кызматтардын ишинин ачык айкындуулугун шарттап, өзгөрүүлөр эң ириде карапайым калкка сезилиши керек.


Новости по дате