http://ktrk.kg/Нарын аймактык ветеринардык лабораториясы жабдыктар менен камсыз болду

Нарын аймактык ветеринардык лабораториясы жабдыктар менен камсыз болду

31 Май , 11:30 470

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

Нарын аймактык ветеринардык лабораториясы 90 пайыз жаңы жабдыктар менен камсыз болду. Буга жалпы 19 жарым миллион сом бөлүнгөн. Бул үчүн адистер окуудан өтүп келишкен. Мындай аракет ЕАЭБдин талаптарына туура келген лабораториялардын курамына кирүү максатында колго алынган.

Нарын аймактык ветеринардык лабораториясы бүгүнкү күндө ЕАЭБдин шарттарына даярдык көрүп жаткан убагы.

Лабораторияда жалпы алты бөлүм иштейт. Ал үчүн ар бир тармак боюнча бирден адис атайын окуудан өтүп, жаңы жабдыктар менен иштөөгө үйрөнүшкөн. Эң негизги бөлүм - базарда сатыкта турган сүт жана эттин сапатын текшерет. Бул үчүн заманбап типтеги жабдыктар келген.
Учурдун талабына ылайык жаңыланып жаткан ветеринардык лабораториянын имараты да толук оңдоп-түзөөдөн өткөн. Ага жалпы жети миллион сомдон ашык каражат сарпталды. Ичинде 16 тажрыйбалуу кызматкер ар кандай багытта иш алып барат. Адистердин айтымында мурунку жылдагы шарттарды азыркыга салыштырып болбойт. Анткени баары тең автоматташтырылган.

Адистердин айтымында, лаборатория ишке киргени Нарын облусу боюнча малдын эти жана сүтүнөн ылаң чыкпай калды дешет. Бул өлкөнүн ветеринардык тармагы өнүгүп жатканынан жана мал ээлери эл аралык соода алакасына олуттуу карап, ал үчүн малга туура көңүл бурулуп жатканынан кабар берет дешет лаборатория кызматкерлери. 


Новости по дате