http://ktrk.kg/Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү

Бүгүн балдарды коргоонун эл аралык күнү

1 Июнь , 12:12 541

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

1-июнь - балдарды коргоонун эл аралык күнү 1949-жылы БУУнун атайын сессиясында кабыл алынган. 1950-жылдан тартып майрам катары белгиленип келет. Ар бир аталыштын же майрамдын атайын тарых-таржымалы же кандайдыр бир себеби бар. 40-жылдары «Балдарды коргоо» эл аралык деңгээлдеги абдан актуалдуу маселелердин бири болгон. 

Анткени, согуштан кийинки ачкачылык жылдары көптөгөн балдар ата-энесиз жана кароосуз калышкан. Аларды ар кандай жугуштуу оорулардан, балдар арасында кылмыштуулуктан жана башка жагымсыз жагдайлардан коргоо үчүн ушул күн атайын белгиленип келет. 

1-июнь - жеткинчектер үчүн эң кубанычтуу майрамдардын бири гана болбостон, балдар дайыма алардын камкордугу менен коргоосуна муктаж болоору жана улуулар алар үчүн жоопкерчиликтүү экенин эскертүү.

Новости по дате