http://ktrk.kg/Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталды

Бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталды

3 Июнь , 11:39 505

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

3-июнда Кыргызстанда 9 жана 11-классты аяктап жаткан бүтүрүүчүлөрдүн мамлекеттик экзамендери башталды. Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына караганда, 11-классты аяктап жаткандар математика, окуган тили, Кыргызстандын тарыхы, кыргыз тили жана тандоосуна жараша дагы бир сабак боюнча экзамен тапшырышат. 

Тогузунчу классты аяктагандар да ушул эле беш сабак боюнча сынактан өтүшү керек болот. Математика сабагынан жазуу түрүндөгү экзамен, бала окуган мектептеги программага ылайык даярдалат. 

Быйыл республика боюнча 2262 мектепте 9-классты 95 миң, 11-классты 61 миң улан-кыз аяктап жатат.

Новости по дате