http://ktrk.kg/Өзбекстан футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө ниеттенүүдө

Өзбекстан футболу боюнча Азия кубогун өткөрүүгө ниеттенүүдө

3 Июнь , 14:05 471

Эгерде текстте ката тапсаңыз, белгилеп Ctrl+Enter басыңыз

2022-жылы кыз-келиндер футболу боюнча Азия Кубогун өткөрүүгө ниеттенип жаткан үч өлкөнүн ичинде Өзбекстан бар. Бул тууралуу Азия футбол конфедерациясынан билдиришти.

Уюмдун маалыматына караганда, футбол мелдешин кабыл ала турган өлкө 2020-жылы аныкталат. Ага чейин кубокту өткөрүүгө кызыкдар экенин билдирген өлкөлөргө атайын чакыруу жөнөтүлүп, алар стадиондор боюнча сунуштарын айтышат.

Азия Кубогун өткөрүүгө билдирмелерди кабыл алуу 31-майда аяктаган.

Кыз-келиндер арасындагы футбол боюнча Азия кубогу — дүйнө чемпионатына тандап алуу оюндарынын бир бөлүгү болуп эсептелет.




Новости по дате